КоомМаданиятСаясат

Эрулан Кокуловдун Гүлзат Мамытбекте өчү барбы?

Депутат Эрулан Кокулов Жогорку Кеңештин жыйынында кайрадан Гүлзат Мамытбек темасын козгоду. Ал ИИМдин өкүлүнө «Гүлзат Мамытбек менен эмне болду?» деген суроо салды.

«Мен ушул кызга жаман жармаштым да. Себебин айтып берейин, ал азыр ырдап, бийлеп ЦУМдун алдында жүрөт. Бул бизде аферисттер бийлеп-жыргайт дегенди түшүндүрөт. Анткени мен изилдеп, канча кишини алдап кеткенин, Москвада ошол акча менен жашап келгенин изилдегем. Ал кайсы чечим менен чыкты? Мына азыр кайра концерт берип жатыптыр. Кайра катталгыла, ойгонгула деп акча чогултуп жатыптыр», — деди ал.

Маалымат агенттиктердин бирине депутаттын айткандары боюнча Гүлзат Мамытбек бул тууралуу, видеону көргөнүн, каткырып жатканын айтты. «Ал мени «свиданиеге» чакыра албай кыйналып жатат окшойт. Экинчи жолу кеп козгоп жатат. Мейли, 2030-жылы президент болгуча эстетип кое берсин»,- деп тамашалуу жооп берди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button