Кыргызстанда ашыкча салмак менен жабыркагандардын басымдуу бөлүгүн пенсия алдындагы жана пенсия курагындагы адамдар түзөт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Башка категориялар боюнча абал төмөнкүчө:
18-25 жаштагылардын басымдуу бөлүгү — нормалдуу салмак;
25-30 жаштагылардын басымдуу бөлүгү — ашыкча салмагы барлар;
30 жаштан жогорулардын көпчүлүгү — семирип кеткендер.
Аял-эркекке бөлүп карай турган болсок, эркектердин ичинен 41,5 пайызынын ашыкча салмагы бар. Ал эми аялдар арасында бул көрсөткүч 34,6 пайызды түздү.
Жогоруда 2021-жылдын соңуна карата маалыматтар колдонулду.