Коом

«Азыр абал туруктуу». Баткен милициясы коопсуздукту көзөмөлдөп жатат

Бүгүн, 3-декабрь күнү саат 11:30дар чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылынын Дахма участкасынын тургуну менен Тажик Республикасынын Исфара районунун Майский айылынын 3-4 тургуну менен пикир келишпестиктен улам, чыр чыгып, Кыргыз жаранын таджик жарандары ур-токмокко алган. Бул тууралуу Баткен милициясынан маалымдашты.

Жыйынтыгында эки тараптан тең жараат алгандар болуп, тарапташтар окуя болгон жерге жыйнала баштаган. Эки элдин милиция кызматкерлери жерине барып, чогулган элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жыйналган элди таркатышкан. Бул факты Баткен РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, териштирүү иштери жүрүүдө.

Баткен РИИБдин начальниги менен Исфара РИИБдин начальниктеринин сүйлөшүүсүндө кыргыз жаранына кол көтөргөн тажик тургундарына мыйзам чегинде чара көрүүсү белгиленген. Азыркы учурда эки элдин коопсуздугун сактоо максатында эки элдин милиция кызматкерлери тарабынан күчөтүлгөн кайгуул күзөттөр жүргүзүлүп жатат, абал туруктуу.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button