К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде коррупцияга каршы аракеттенүү маселеси талкууланды

Бүгүн К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде (БГУ) жыл сайын 9-декабрда белгиленүүчү Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата тегерек стол болуп өттү.
Иш-чараны КР Президенти алдындагы Коррупцияга каршы ишкер кеңеши (ККИК) , БГУ жана КР Ички иштер министрлиги (ИИМ) биргеликте уюштурган.
Тегерек столго коомдук ишмерлер, ККИК, ИИМдин өкүлдөрү, университеттин окутуучулары жана студенттери катышты.
Иш-чараны ачып жатып, БГУнун ректору, КРнын жогорку окуу жайлар Ассоциациясынын төрагасы, профессор Мусаев А.И. ар-бир адамдын жана мекеменин аракети менен гана коррупцияны жоюуга мүмкүн экенин жана ошондуктан ушул өңдүү иш-чаралардын мааниси чоң экенин айтып өттү.
Ал эми коррупцияны алдын алуу жана ага каршы туруу боюнча ИИМ министринин кеңешчиси Мамыров А.А. мамлекеттик органдардын, билим берүү уюмдарынын жана жарандык коомдун биргелешкен аракеттери мамлекеттин жемкорлукка каршы саясатынын ойдогудай ишке ашуусуна өбөлгө болооруна токтолду.
Андан соң, ККИКтин баш катчысы Муканова Н.А өз презентациясында кеңештин ишмердүүлүгү, мамлекеттик органдардагы, мекемелердеги коррупциялык тобокелчиликтер жана аларды жоюу маселелерине кенен токтолду.
«Бүткүл дүйнөдө билим берүү өнүгүүнүн башатында турат. Ушул тапта кыргызстандыктардын коррупцияга болгон мамилесин өзгөртүү маанилүү болууда. Бул иште билим берүү жана илим мекемелеринин орду чоң. Дал ошондуктан биз бүгүн ушул иш-чараны уюштуруп жатабыз».
Тегерек столдун катышуучулары коррупцияны алдын алуу, студенттерге жемкорлукка каршы туруу боюнча туура багыт берүү маселелерин талкуулап, ошондой эле коррупция менен күрөшүүдөгү тажрыйба жана сунуш-пикирлер менен ой бөлүштү.




