Аналитика

Кемпир-Абад шылтоо болбосун! Мамлекеттин бүтүндүгү керек — камалгандар жазасын алышсын

Кыргызстандагы экс-саясатчылар жана бейɵкмɵт уюмдардын жетекчилери 2020-жылы бийлик алмашкандан бери митинг, пикет ɵткɵргɵнгɵ шылтоо таппай турганда Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу жана кыргыз-ɵзбек чек арасы боюнча келишими чоң себеп болду.

Чек аралар такталып, комиссиялар иштей  баштаганда  «Кемпир-Абадды коргоо» комитети түзүлүп, анын курамына саясатчылар, активисттер, Жогорку Кеңештин депутаттары кирген. Бул комитеттин мүчɵлɵрү республиканын бардык аймактарында массалык башаламандык уюштуруп, Кемпир-Абадды сактап калабыз деген аракеттерди башташкан. Натыйжада, 23-октябрь күнү Кеңешбек Дуйшебаев, Эрлан Бекчороев, Рита Карасартова, Атай Бейшенбек, Клара Сооронкулова, Айбек Бузурманкулов, Жеңиш Молдокматов, Бектур Асанов, Нурлан Асанбаев, Гульнара Джурабаева, Равшан Джеенбеков, Таалай Мадеминов, Улугбек Маматаев, Перизат Суранова, Талант Эшалиев, Кубанычбек Кадыров, Асия Сасыкбаева, Айданбек Акматов, Чыңгыз Капаров Али Шабдан, Орозайым Нарматова, Ильгиз Шаменов, Азимбек Бекназаровдор кармалып, камакка алынды.

Тɵңкɵрүш менен митингден тажаган кыргыз эли булардын камалганын туура кабыл алып, «бузукуларга карата чара колдонуңуз» деп жер-жерлерден мамлекет башчысына кайрылуу жасап жатышты. «Кемпир-Абадды коргоо» комитетинин башкы максаты аймактардын жашоочуларын массалык башаламандыкка алып чыгуу болчу. Тилектерин таш капты. Мамлекеттин бүтүндүгүн, элдин тагдырын батыштын жашыл акчаларына алмаштырып кɵнгɵн батышчыл бейɵкмɵтчүлɵр буга чейин чек ара, суу деген маселелер менен эзели үн катканын уккан эмеспиз. Алар батыштын ЛГБТ идеяларын жайылтуунун үстүндɵ иштеп, кыргыздын салтына, динине, маданиятына каршы келген кɵрүнүштɵрдү коомчулукка жайылтуу максаты менен иштешкени белгилүү. Бийликке келе албай, кызматка илинбей калган саясатчылар, жүргɵн жери ызы-чуу батышчылдар менен активисттерди кандай кызыкчылык бириктириши мүмкүн?

Патриоттун бет кабын кийген, чыныгы жүзү такыр башка, «Кемпир-Абадды коргоо» комитетинин мүчɵлɵрүнүн ɵмүр жолуна саресеп салып кɵрɵлү.

Кыргызстандагы болгон тɵңкɵрүштɵрдүн, бийлик алмашуулардын сап башында келе жаткан, ɵзү укук коргоо органдарында ɵмүр боюу эмгектенген, мыйзам эмне экенин, кайсы кыймыл-аракети кылмыш болуп саналарын жакшы билген Кеңешбек Дүйшɵбаевди кайсы кара теке сүздү дейсиңер?

«Бульдозер» каймана аты бар Азимбек Бекназаров элчилик кызматты эптеп иштей албай, кызматтан алынды. Ишсиз калып, ɵзүнɵ окшош Кеңешбек Дүйшɵбаев, Канат Исаев, Кубаныч Кадыров дегендер менен тарапташ боло калып, «Кемпир-Абадды коргоо» комитетин түзɵ калып, ар кайсы жакка кайрылууларды жазып, элдин аң-сезимине «жабырлануучу» болуп кɵрүнгүлɵрү келишти. Кемпир-Абад мындай бузукулардын коргоосуна муктаж эмес го!

Анан дагы Адахан Мадумаров менен Азимбек Бекназаров сɵɵк ɵчтү душман болуп жүрбɵдү беле? Азимбек Бекназаров оозунан ак кɵбүк чыкканча Мадымаровду жер саткыч деп пресс-конференция берип жүрдү эле. Кɵрсɵ, бийлик, мансап үчүн саясатчылар бетти табак кылып туруп, биригип кете берет тура! Эки жүздүүлүк, принциби жоктук канына сиңген ушулардан кайсы жаш муун үлгү алсын!

Кыргызстандын кызарган жеринин баарын Акаев менен бирге сатып, менчикке ɵткɵрүп, эбегейсиз байлыкка ээ болгон Равшан Жээнбековдун арам жол менен топтогон байлыгы азайа баштаса керек. Равшан батыштын акчасы менен шугулданып, алардын бузуку саясатын колдоп, жашыл акчаларга туйтунуп кеткен. Анын түрмɵдɵ отурганга даярмын, отура берем деп догурунганы ашыкча болду… Элди козутуп,тɵңкɵрүш жасоого үгүттɵгɵн Равшан түрмɵдɵ отурат да, бейиште болмок беле…

Демейде, биздеги революция, тɵңкɵрүштɵрдɵ аялдар активдүү болчу эмес. Бул жолу Кемпир-Абадды шылтоолоп, батышчылдар, Ата мекенчилер, жарандык активист болумуш аялдардын тобу активдүү болушту.

Ата-Мекендин квотасы, Текебаевдин амири менен депутат болгон Асия Сасыкбаева, БШКда иштеп калган Гулнара Джурабаеваларды кайсы шамал айдып барды Кемпир-Абадды коргогула деп!?? Сасыкбаева менен Джурабаевалар кыргыз тилинде сүйлɵй алышпайт, анан кайдагы жерге күйүп, сууну коргойт? Кемпир-Абад деген суу сактагыч бар экенин комитетке мүчɵ болгондо билишсе керек. Бийликтин кыныгын алган Текебаевдин командасындагы бул айымдар тɵңкɵрүш болсо, кайрадан бийликке келсек деген ниетте башаламандык уюштурууга аракеттенишкен. Башка себеп жок.

Рита Карасартова менен Клара Сооронкуловалар мамлекеттик кызматтарда чыдап иштей албай, кызматын таштап, илгерки кɵчɵгɵ чыгып, митинг ɵткɵрүп акча тапкан адатын жасап кетишкен. Рита Карасартова батыштын  акчасына байып, кɵзүн май басып калса керек, түнү-күнү эле социалдык тармактарда мас кишидей болуп (аял сыягы жок) түз эфирде элирип отурчу. Клара Сооронкулова профессионал юрист. Анан массалык баш аламандык уюштурууга үндɵгɵнү кылмыш болорун билбейби? Сонун билет. Тобокелчиликке барган. Бийлик алмашып кетсе, кызматка келем деген ойдо болгону жашыруун эмес.

Ал эми Перизат Суранова деген активист айым, буга чейин «Замандаш» партиясы менен жүргɵн. «Замандаш» бийликке келе албай калганда, акырын башка жээкке ɵтɵ качкан. Ар кайсы жээкке урунуп, ɵзүн таппай, кайсы жолдо басарын билбей жүргɵндɵ «Кемпир-Абадды коргоо» комитетинин тузагына илинсе керек. Суранова батыштан акча жеп кɵнгɵн эмес. Бийликке келүү максаты менен эле кошулуп кетти бузуку топко.

Жапжаш туруп жеткен ажаан, тили заар, билими жок, акылы тайкы Орозайым Нарматова болсо, бийликти жамандоо илдети менен ооруп калган. Соцтармакта күнү-түнү оозу-башын кыйшайтып, «ойгонгула, баш кɵтɵргүлɵ» дей берип, элди тажаткан. Шайлоого катышып 1000дин айланасында добуш алды. Орозайым элирген түз эфирлерин кɵргɵн, пикир жазгандын баары эле добуш берип, ишеним артпайт экенин эми түшүнсɵ керек. Азыр адамдардын баары акылдуу, оюңду окуп турушат. Жасалма диплому менен депутат боло калып, уят болду.

Кемпир-Абадды бетке кармап, батыштын күүсү менен нарк бузуп, салт бузган аялдар камакта отуруп, ачкачылык жарыялап жатышат. Баарынын үй-бүлɵсүндɵ эне, аял катары орду бар. Жылуу-жумшак, сыйдын үстүндɵ отурчу мезгилинде бузукулук кылам, бийлик алмаштырам, кызматка келем деген арам ойлорго алданып, түрмɵнүн азабын тартып отурушат. Асия Сасыкбаева, Гулнара Джурабаева, Рита Карасартова, Клара Сооронкулова, Перизат Суранова, Орозайым Нарматовалардын тагдыры саясаттагы аялдарга үлгү болуш керек. Мыйзам бузган жазасын аларын, жооп берерин унутпоо керек!

Тажикстанда митинг кылган ушулардын кесиптеши, бейɵкмɵтчү айымды 21 жылга түрмɵгɵ кести. Мамлекеттик саясатка каршы чыккандарды дүйнɵ жүзүндɵ жооп тартышат. Германияда дагы активисттер камакка алынды. Аларга дагы оңой жаза берилбейт. Мыйзамы катуу иштеген ɵлкɵлɵрдɵ адам укугунан биринчи мамлекеттин бүтүндүгү турат!

Андыктан, Кемпир-Абад шылтоо болбосун, мамлекеттин бүтүндүгү керек, камалгадар тиешелүү жазасын алышсын!

Кадырбек Суранчиев

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button