Коом

Жаңы жыл майрамына карата Баткенде гарнизондук саптык кароо болуп өттү

Баткен шаарында жаңы жыл майрамына карата Баткен ОИИБнын жетекчилиги гарнизондук саптык кароо өткөрдү. Гарнизондук кароого Баткен ОИИБнын, шаар-райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн өздүк курамы, ИИМдин Ички аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчылары жана ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Баткен облусундагы ротасынын күжүрмөн кызматкерлери, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн, ошондой эле кинология кызматынын кызматкерлери катышты.
Баткен ОИИБнын жетекчилиги катарда тизилип турган ИИОнун кызматкерлерин келе жаткан жаңы жыл майрамы менен куттуктап, майрам күндөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып барарын белгиледи. Мындай саптык кароо Баткен облусундагы жер-жерлердеги ИИОнун бөлүмдөрүндө өткөрүлүп, ар бир кызматкерге майрам алдындагы даярдыктар боюнча жеткирилди.


Бул саптык кароо майрам алдында коомдук тартипти сактоо, майрамга карата даярдыктарын текшерүү, майрамдык иш-чараларда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, укук бузууларды жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында уюштурулду.
Ар бир кызматкердин кышкы кийимдери, алып жүргөн күбөлүктөрү бир катар текшерүүдөн өтүп, өздүк курамга ИИМдин буйруктары жеткирилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button