Окуялар

Куткаруучулар Чоң-Чүй каналына түшүп кеткен 34 жаштагы жаранды издеп жатат

Чоң-Чүй каналына түшүп 34 жаштагы жаран изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 19-январда Жибек-Жолу менен Лермонтов көчөлөрүнүн кесилишинде Чоң Чүй каналында 1989-жылы туулган А.К. аттуу эркек адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат 102 кызматынан келип түшүп, чыгарып берүүнү суранган.

Жерине Токмок шаардык №21 ӨКБдан 5 куткаруучу, Суучулдар кызматынан 6 суучул, Бишкек шаардык «Куткаруу кызматынан» 5 куткаруучу, Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 3 куткаруучу, жалпы 19 куткаруучу тартылып, издөө иштерин жүргүзүшүп, убактылуу токтотулуп, натыйжа болгон эмес. 20-январь күнү улантылат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button