Окуялар

Чана тээп жүргөн. Ошто муздун астынан 6 жашар кыздын сөөгү табылды

Ош облусуна караштуу Алай районунда муздун астынан 6 жашар кыздын сөөгү табылды, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Бүлөлү айыл өкмөтүнүн Чоң-Бүлөлү айылынан агып өткөн Чоң-Бүлөлү суунун жээгиндеги тоңгон муздун астына 6 жаштагы Д.А. аттуу кыз чана тээп жатып кирип кеткен.

Жерине 4 куткаруучу, ИИМден бир кызматкер, айыл аймагынан 8 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылып, кыздын сөөгүн муздун астынан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button