Чоң Чүй каналына түшүп кеткен адамдын сөөгү табылды

Чүйдүн Аламүдүн районундагы Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 34 жаштагы А.К. аттуу адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаран 19-январдан бери изделип жаткан.

Аталган жарандын сөөгү Алма-Ата көчөсүндө каналдан табылган.