Коом
Кыргызстан жарандарын расмий түрдө ишке орноштуруу үчүн Болгария жана Финляндия менен келишимдерди даярдап жатат
▫️Буга чейин Эмгек министрлиги 23 мамлекет менен келишим түзгөн. Алардын арасында Улуу Британия, Түштүк Корея, Германия, Япония сыяктуу өнүккөн өлкөлөр бар
▫️2022-жылы 12 миң кыргызстандык чет өлкөдө мыйзамдуу түрдө ишке орношкон. Алардын үчтөн бири аялдар
▫️жарандарды иш менен камсыз кылуу боюнча 142 жеке агенттик иштейт, алардын ишмердүүлүгүн Эмгек министрлиги көзөмөлдөйт
@user22