Коом

Бишкекте «Өспүрүм-түн» рейди өтүп, көзөмөлсүз жүргөн 17 өспүрүм аныкталды

Бишкекте өткөн «Өспүрүм-түн» рейдинде көзөмөлсүз жүргөн 17 өспүрүм аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейддик иш-чаранын максаты балдар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу болуп саналат.

Анын алкагында түнкүсүн көчөдө чоң адамдардын коштоосу жок жүргөн өспүрүмдөр аныкталып, ата-энелери жерине чакыртылып, эскертүүлөр берилди.

Белгилей кетсек, түнкү саат 22:00дөн эртең мененки саат 06:00гө чейин чоң адамдардын коштоосу жок жүргөн жаш балдарга мыйзамдуу чектөө бар.

Ыкчам иш-чаранын негизинде көзөмөлсүз жүргөн 17 бала аныкталган. Алардын 2 өспүрүмдүн ата-энеси менен байланыш жок болгондугунан, алар убактылуу ЖУАБна жайгаштырылышты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button