Коом

Экология министрлиги Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча бир нече мыйзамсыз иштерди аныктады

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл-Нарын регионалдык башкармалыгы, “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 Жарлыгын аткаруу төмөндөгү жумуштар аткарылып, мыйзам бузган бир нече  эс алуучу жана реаблитация бөлүмдөргө айып пул салды.

“Ак-Суу “ балдар реабилитациялоо бөлүмү 28000 сом айып.

ЖИ “Урманаева Ч.Ж” Бассейн Ак-Суу Кенч 1000 сом айып.

ЖИ “Камалова К.Р” профилакторий Өмүр дария 5500 сом айып.

СК “ССК Заря” 5500 сом айып.

Аталган Жарлыкка ылайык, Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасында менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан инженердик коммуникациялар жана курулмалар (суу алуучу, суу түтүгү канализация тармагы, канализациялык насостук станция жана тазалоочу курулмалар) менен камсыз болбогон санаторийлердин, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн, коттедждик поселоктордун, конок үйлөрүнүн, мейманканалардын жана башка рекреация объекттеринин иштөөсүнө 2023-жылдын 1-январынан баштап тыюу салуу жагы көрсөтүлгөндүгүнө байланыштуу,   

2023-жылдан 11-январында “Жыргалан”, “Жети-Өгүз” санаторияларына тазалоочу курулмалары иштебегендигине байланыштуу жана Жети-Өгүз районунда жайгашкан “Кайнар” эс алуу жайына тазалоочу курулмасы жок болгондуктан, 2023-жылдан 20-январында  Ак-Суу районунда жайгашкан“ Ак-Суу Кенч”, “Өмүр дария”, “Заря”, “КСХТ” ден-соолукту чыңдоо борборлоруна тазалоочу курулмалары иштебейт деген маалыматтар интернет булактарына чыккандыгына байланыштуу ишмердүүлүктөрүн  токтотуу боюнча каттар жиберилген.  Ошондой эле, Ысык-Көл облусунун прокуратурасына ушул  эс алуу жайларына чара көрүү жагын кароо жөнүндө каттар жөнөтүлдү.

Ошондой эле, облуста жайгашкан термалдык сууларды бассейиндерде колдонуп айлана чөйрөгө ыргыткан  8эс алуу жайларына колдонгондон кийинки термалдык суулардан сапатын текшерүүгө химиялык анализ жүргүзүү боюнча каттар жолдонду.

Мониторинг жүргүзүү менен биргеликте, 9 эс алуу жайлардын саркынды сууларды тазалоочу курулмадан саркынды суулардын анализ пробалар алынды.

Жогоруда көрсөтүлгөн мониторингтин негизинде, комиссиянын чечими менен мыйзам чегинде пландан тышкары 19 эс алуу жайларына текшерүү жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинен жолдомолор алынууда. Маалымат үчүн, Ысык-Көл облусу биосфералык аймактын экологиялык коопсуздугун алдын-алуу максатында, «Ысык-Көл» биосфера аймагынын сууларын агызып чыгаруу жана тазалоочу курулмалары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 17-августунун № 133 мыйзамына ылайык, 2021-жылдын 1-январынан тартып саркынды сууларды тазалоочу курулмалары жок жана агызып чыгаруу (канализация) системаларына кошулбаган объекттерди долбоорлоого, «уруксаттык документтерди, мамлекеттик экологиялык жана мамлекеттик курулуш экспертизаларынын корутундуларын берүүгө, эксплуатациялоого берүүгө жол берилбейт

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button