Коом
Бишкектеги абанын сапаты Жаратылыш ресурстар министрлигинин көзөмөлүндө

Экологиялык мониторинг департаменти шаардын ар кайсы участокторунда, ар кандай убактылуу аралыкта атмосфералык абанын сапатына туруктуу негизде мониторинг жүргүзүп турат.
Өткөн жумада ЖМК өкүлдөрү менен Бишкек аймактык башкармалыгынын, экологиялык техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарынын Чуй-Ибраимов, мкр-Учкун жана Токолдош жаңы конушунда атмосфералык абанын үлгүлөрүн кечки саат 20:00дөн 23:00гө чейин алышты.
Белгилей кетсек, жогоруда аталган участоктордо жол берилген чектелген концентрациялар (КЖЧ) анын көрсөткүчү максималдуу бир жолку болуп эсептелет. Чүй-Ибраимова чекитинде азоттун эки кычкылы боюнча-1,1 эсе; мкр-Аламүдүн-1 Учкун 1,4 эсе. Калган заттар белгиленген ченемдердин чегинде жана кѳрсѳткүчү нормалдуу.





