Коом
Бүгүндөн баштап жол эрежесин бузгандар үчүн жаза катаалдашты
Эң башкысы — мас абалында унаа башкаргандарга мурдагыдай 17500 сом айып салбай, дароо эле айдоочулук күбөлүгүн бир жылга жокко чыгарат. Дагы кайталанса үч жылга рулга отуруу укугунан ажырайт.
Мындан башка да айрым эреже бузуулар үчүн айып пулдун көлөмү кыйла жогорулады. Мисалы, буга чейин каршы тилкеге чыкканы үчүн айдоочуга 5500 сом айып салынса, эми 15000 сом төлөйт.



