Коом

Бишкек мэриясы борборду башкача башкарууга даярданууда

Эми борбор шаарда акимиаттар менен Муниципалдык аймактык башкармалыктардын ордуна шаар башкармалыктары түзүлөт. Реформа учурда даярдалып жатат.  

Мындай башкаруу үлгүсү пилоттук режимде биринчи Свердлов районунда ишке ашат, анда шаардык үч башкармалык түзүлөт.  

Мэриядан билдиришкендей, ар бир башкармалыкка 90-100 миңден калк туура келет. Жаралган көйгөйлөрдү эффективдүү чечүүсү үчүн ыйгарым укуктар берилет жана каржыланат.  

Мэрия башкаруунун жаңы үлгүсү Бишкек шаарынын жашоочуларына муниципалдык, социалдык жана тейлөө кызматтарын сапаттуу көрсөтүүгө өбөлгө болот деп эсептейт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button