Жалал-Абадда орозого карата уй эти 400 сомдон сатылууда

Орозого карата Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык базарда уй этинин килограммы 400 сомдон сатылып жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынан билдиришти.

Аталган базардагы эт саткан соодагерлер арзандатуу Орозо айы бүткөнгө чейин улантылаарын билдиришти.

Белгилей кетсек, аталган базарда азык-түлүктөрдү, керектелүүчү тиричилик буюмдарды да арзан баада сатуу уланып жатат. Атап айтканда өсүмдүк майынын 5 литри 530 сом, кумшекер 75 сом, картошка 33 сом, сабиз 30 сом, пияз 45 сомдон сатылууда.

Дареги: Жалал-Абад шаары Курманбек көчөсү 8.