Коом
Бишкек шаарынын айрым бөлүктөрүндө жаратылыш газы 2 күнгө өчүрүлөт
28-29-апрель күндөрү Бишкек шаарынын бөлүктөрүндө жаратылыш газы 2 күнгө өчүрүлөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өчүрүү Айни — Островский дареги боюнча жайгашкан орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштери жүргүзүүгө байланыштуу. Буга байланыштуу Гагарин, Манас, Курчатов жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында газ убактылуу берилбейт.