Коом

Милицияда иштегиңиз келеби? Бишкек ШИИББ кызматка чакырат

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Кайгуул-күзөт кызматынын кенже жетекчилик кызматына вакансиялык орундарды жарыялады.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

арыз;

автобиография — эки экземпляр (колго жазылган жана компьютерге терилген);

5-6 баракка автобиографиялык реферат (колго жазылган) даярдоо;

анкета;

үй-бүлө мүчөлөрүнүн тизмеси менен жашаган жери боюнча маалым кат (мөөр жана мекеменин чыгаруучу номери менен);

участкалык милициянын мөөр басылган маалым каты;

жашаган жери боюнча ИИБден аны уят кыла турган материалдардын жоктугу боюнча маалым кат (мөөр басылган);

үч кошунасынан сунуштама кат (участкалык милиция тастыктаган жана мөөр басылган);

соңку иштеген же окуган жеринен мүнөздөмө;

эмгек китепчеси (түп нускасы);

аскердик-дарыгерлик комиссиядан укук коргоо органдарында иштөөгө жарамдуулугун тастыктаган медициналык бүтүм;

аскердик билет (нотариус менен бекитилген документтин түп нускасы жана көчүрмөсү);

паспорттун көчүрмөсү (ички тарабы жана учурда каерде каттоодо турган жери (ID-карта). Эгер паспорт жаңы үлгүдөгү болсо, Улуттук паспорттор мамлекеттик реестринен маалым кат алуу;

9х12 өлчөмүндөгү бир, 3х4 өлчөмүндөгү эки сүрөт керек (көк фондо тартылган);

нотариус менен бекитилген аттестат жана дипломдун көчүрмөлөрү;

туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике/ажырашкандыгы тууралуу күбөлүк;

балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;

папка жана калем сап.

Документтер 3-июнга чейин төмөнкү даректер боюнча кабыл алынат:

Бишкек ШИИББ — Токтогул көчөсү, 64а, телефондор: (0312) 48-62-45, (0312) 48-62-92;

Ленин райондук ИИБ — Москва көчөсү, 203, (0312) 45-64-24;

Биринчи май райондук ИИБ — Панфилов, 1а, (0312) 56-08-60;

Свердлов райондук ИИБ — Сүйүмбаев, 73, (0312) 43-32-13;

Октябрь райондук ИИБ — Скрябин, 86, (0312) 54-88-04.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button