КоомСаясат

Путин параддан кийин 5 лидерди дасторконго чакырган. Ага эмне үчүн Садыр Жапаров катышкан жок?

Орусиянын президенти Владимир Путин кечээ, 9-майда параддан кийин беш өлкөнүн лидерлерин дасторкон үстүндө кабыл алган. 

Москвада Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 78 жылдыгына арналган парадга Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян ардактуу конок катары катышты. Жапаров менен Лукашенко дасторкон үстүндөгү кабыл алууда болгон эмес.

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев анын себебин түшүндүрдү. Анын айтымында, президент Садыр Жапаров 8-майда КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери үчүн бейформал кечки тамактанууга катышкан.

«Кийинки күнү, 9-майда парад аяктаган соң кыргыз делегациясы расмий сапардын алкагындагы иш-чарага – Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен сүйлөшүүлөргө барды», — деди ал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button