Акыркы коңгуроо: Бишкектин чыгыш жана кириш жактарына күзөт посттору орнотулду

Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарында «Акыркы коңгуроо» аталышында рейд уюштуруп жатышат. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Бишкек шаардын чыгыш жана кириш жактарына атайын күзөт посттору орнотулуп, өспүрүмдөрдү ташыган унаалар текшерүүлөр жүрүүдө. Мектеп окуучулары жүргөн унаалар аныкталган жерлерге мектеп мугалимдери жана ата-энелери чакыртылып түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Анткени бүтүрүүчүлөр майрамдык маанай менен атайын унааларды жалдашып, эс алуучу жаратылыш жайларына, түнкүсүн кафе, клуб, ресторандарга чогулуп, ичимдик ичип, унаа башкаруу менен ар кандай мыйзамсыз иштерге баруу коркунучтарды алдын алышууда.

Рейддин максаты жаш өспүрүмдөрүнүн жол-транспорт кырсыктарына кабылуусун алдын алууга багытталган.