Коом

GoBus кызматынын Караколго сапар тарткан автобустарынын билеттери февралга чейин сатылды

GoBus кызматынын Бишкектен Караколго сапар тарткан автобустарынын билеттери февраль айына чейин сатылып бүттү. Бул тууралуу Кыргызстандын туризмин өнүктүрүүнү колдоо фондунун президенти Елена Калашникова билдирди.

Анын айтымында, 1-февралга чейинки билеттердин баары мобилдик тиркеме аркылуу сатылды.

“Билеттердин баарынын сатылышы калк арасында бул кызмат керек экенин айгинелейт”, — дейт ал.

Эскерте кетсек, GoBus кызматынын автобустары Бишкектен Караколго жана кайра артка жүрүү 2022-жылдын 26-декабрында иштей баштаган. Автобустар ортодон Балыкчы, Чолпон-Ата, Ананьево жана Түптөн токтойт.

Бул каттам туристтердин жана жергиликтүүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн ишке кирген. Автобус 50 адамга ылайыкталып, акысыз Wi-Fi, жогорку деңгээлдеги кызмат көрсөтүү жана коопсуздук жагынан өзгөчөлөнөт.

Бишкектен Караколго чейинки жол 6,5 саатты түзөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button