Окуялар
Asia Mall соода борборунда бомба тууралуу кабар түшүп, эл эвакуацияланды

Бишкектеги Asia Mall соода борборунун оюн-зоок залында бомба коюлганы тууралуу маалымат түшүп, ичиндегилер эвакуацияланды. Бул тууралуу окуянын күбөсү кабарлады.
Ал эми шаардык милициянын маалымат кызматы бомба туурасында саат 10:05те чакыруу түшкөнүн билдирди. Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери соода борбордун айланасын курчоого алып, текшерүү иштерин жүргүзүп жатат.



