Окуялар

УКМК: Ишкерлерди тоногон Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү камакка алынды — ВИДЕО

2023-жылдын 25-майында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен кармалган А.И., К.Т., А.К. жана А.Ш. карата тергөө мөөнөтү аяктаганга чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.

Эске салсак, 2023-жылдын 23-майында Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин материалдарынын алкагында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында криминалдык лидер К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн-Алтух, Протез, Кеня жана А.К. мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюлган. Алар көп жылдан бери КР ишкерлеринен жана жарандарынан КЭРден экспорттолгон эл керектөөчү товарларды мыйзамсыз мыйзамсыз ээлик кылуу менен алектенишкен, кийин алар тарабынан Кыргыз Республикасынын жана КМШ өлкөлөрүнүн аймагында туруктуу кылмыштуу схема уюштурулган.  Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогоруда аталган адамдар алдамчылык менен жеке менчик транспорттук-логистикалык ишканадан жалпы суммасы болжол менен 385 миң АКШ долларын түзгөн эл керектөөчү товарлары бар жүктү мыйзамсыз түрдө тартып алышкандыгы аныкталган.

Мындан тышкары, учурда КР УКМК тарабынан аталган кылмыш ишине Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын жаза аткаруу мекемелеринде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан соттолгон адамдардын катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Кармалгандар КР УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button