Каракол шаарында жергиликтүү тургун “Глобус” гипермаркетинен 16 уурулук фактысын жасагандыгы аныкталды

“Өспүрүм” операциясын өткөрүү учурунда, аталган иш-чарага тартылган милиция кызматкерлери тарабынан “Глобус” гипермаркетинен жасалган уурулук фактысы изин суутпай ачууга жетишишти. Уурулукка шектүү катары 23 жаштагы П.В. аттуу жергиликтүү тургун кармалып, андан далил зат катары уурдалган азык-түлүк алынган.

Аталган факты Каракол ШИИБдин КБРне катталып, тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Шаардык милициянын кылмыш иликтөө кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, кармалган шектүү жарандын “Глобус” гипермаркетинен бир катар уурулук фактыларына тиешеси бар экендиги аныкталган.

Бүгүнкү күндө, Каракол ШИИБдин тергөө кызматы, кармалган шектүү жаран тарабынан 10-майдан 23-майга чейинки аралыкта, гипермаркеттен бардыгы болуп, 16 уурдоо  фактысын жасагандыгы аныкталган. Жалпы материалдык зыян 20 000 сомду түздү.

Учурда тергөө амалдары уланууда, – деп билдирди Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматынан.