Аскар Акаев Иссык-Көл форумуна катышууда

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев өлкөгө келип, мааракелик Эл аралык Иссык-Көл форумуна катышууда.
«Ысык-Көл форумунда цивилизациялык кризисти жөнгө салуу боюнча идеялар жаралат»,- деди Акаев.
Ошондой эле, Садыр Жапаровдун демилгеси менен форумду кайра жандандыруу өтө маанилүү чечим болгонун белгиледи.
«1980-жылдары башталган цивилизациялык кризис бүгүн эң курч фазасына жетти. Буга Жакынкы Чыгыштагы жайылган жаңжалдар мисал боло алат. Ошол кездегидей эле азыр да жоопкерчиликсиз саясатчылар өзөктүк куралды колдонуу мүмкүнчүлүгү тууралуу айтып жатышат. Бүгүн ага жасалма интеллектинин күчү да кошулуп, адамзат кайрадан жок болуу коркунучуна кептелди», — деди окумуштуу Акаев.
Бул Аскар Акаевдин 2005-жылдагы март окуяларынан кийин Кыргызстанга биринчи жолу келиши эмес. Ал 2005-жылдын 24-мартында март революциясы учурунда өлкөдөн чыгып кеткен. Ошол эле жылдын 3-апрелинде президенттик кызматтан расмий түрдө кеткенин жарыялаган.
2021-жылы Акаев Кыргызстанга «Кумтөр» иши боюнча көрсөтмө берүү үчүн келген. Ошондо ал элге кайрылуу жасап, алтын кен долбоорун ишке ашырууда кетирилген каталары үчүн кыргыз элинен кечирим сураган.
Белгилей кетсек, мааракелик Эл аралык Иссык-Көл форуму 18-июндан 21-июнга чейин өтүүдө.
Быйылкы форум «Цивилизациялык бурулуш доорундагы дүйнө: келечекке бирге» деген темага арналган.
Иш-чарага эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, илимпоздор, маданият жана адабият ишмерлери, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышууда.



