Бишкекте бүгүндөн тарта ичүүчү сууга жана канализацияга болгон төлөмдөр жогорулады

Бишкекте бүгүндөн тарта ичүүчү сууга жана канализацияны колдонууга болгон төлөмдөр жогорулады. Бишкек шаардык кеңеши мэриянын сунушун жактырды.

1-июндан тарта тарифтер сууга төмөнкүдөй болот:

  • калк үчүн – 10,45 сом (буга чейин 8,1 сом);
  • бюджеттик уюмдар үчүн – 12,95 сом (буга чейин 9,1 сом);
  • башка керектөөчүлөр үчүн – 18,5 сом (буга чейин 13 сом).

Канализацияга төмөнкүдөй болот:

  • калк үчүн – 3,45 сом (буга чейин 2,3 сом)
  • бюджеттик мекемелер үчүн – 4,5 сом (буга чейин 3 сом);
  • башка керектөөчүлөр – 9 сом (буга чейин 6 сом болгон).

Буга чейин борбор калаанын мэриясы электр энергияга, күйүүчү майга жана тетиктерге тарифтер көтөрүлгөндүктөн, сууга жана канализацияны колдонууга тарифтин көтөрүлүшү зарыл чара экенин билдирген.

Сууну тазалоо жана бөлүштүрүү процесси өзгөчө насосторду, фильтрлерди жана башка жабдууларды иштетүү үчүн энергияны талап кылат. Эгерде электр энергиясынын баасы көтөрүлсө, бул суунун жана саркынды суунун баасына таасирин тийгизиши мүмкүн.