Кыргызстанда жугуштуу оорулар, өзгөчө сифилис менен ооругандардын саны өсүүдө

Андан тышкары, ичеги-карын инфекциялары, курч жана өнөкөт вирустук гепатит, туберкулез, менингит, грипп, кызамык, кызылча жана көк жөтөл менен ооругандар арбын.

Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти 2023-жылдын январь-апрель айларында жугуштуу мите ооруларынын 119 750 учуру катталып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,3%га азайганын айтты. 

Ошондой эле өткөн жылдын ушул айларына салыштырмалуу котур, паротит (свинка), эхинококкоз, бруцеллез, COVID-19 менен ооругандардын саны азайган. Ал эми ич келте (брюшной тиф), кара келте (паратиф), дифтерия, селейме (столбняк) жана кутурма илдеттери катталган эмес.