Коом
Кара-Сууда жер көчкү жүрүп, 39 киши көчүрүлдү

ӨКМ аталган райондун Папан айыл өкмөтүнүн Кожо-Келең айылында эски жер көчкү активдешкенин айтты.
Жер көчкүнүн болжолдуу көлөмү 100 миң кубду түзөт.
Беш турак үйгө коркунуч жаралгандыктан, 39 тургун коопсуз жайга көчүрүлдү.
Министрлик тургундарга 9-июнда эле көчүү сунушталганын айтты.



