Коом
Билет баасы 500 сом. Бишкектен Алматыга автобус каттап жатат

«Кыргыз автобекети» Бишкек-Алматы багытында автобустар үзгүлтүксүз каттап жатканын эске салат. Күн сайын 08:00, 10:00, 12:00, 14:00, 16:00 жана 18:00до Батыш автобекетинен Бишкек-Алматы (Кыргызстан — Казакстан) эл аралык каттамы боюнча көп орундуу автобустар жүрүүдө.Билеттин баасы 500 сомду түзөт жана аларды автобекеттин кассасынан алууга болот. Ал эми Алматыдан Бишкекке автобустар жогоруда көрсөтүлгөн сааттарда чыгат. Билет баасы 2500 теңге.



