Коом

Самсаны аралаган келемиш… Бишкектеги кафелердин бири жабылды

Соцтармакта Бишкектеги кафелердин биринде самсаны аралап жүргөн келемиш тартылган видео тараган.

Бүгүн, 3-июлда Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору жогорудагы видео боюнча маалымат таратты.

«Рахат лукум» кафеси тамак-аштын үстүндө келемиш жүргөнү жана санитардык эрежелерди бузганы үчүн жабылды. «Коомдук саламаттыкты сактоо тууралуу» мыйзамга ылайык, Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору калктын тамак-ашы жана азык-түлүгүнүн коопсуздугун камсыздоо максатында мекемени жабууга укуктуу. Мыйзам бузуу тууралуу маалымат тергөө үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берилет»,— деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button