Депутат Медер Алиев Эдил Байсаловду неге колдогон себебин айтты

Буга чейин депутат Медер Алиев «Собол TIME» рубрикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго байланышкан суроосуна жооп берип жатып, анын жакшы иштеп жатканын, туруктуу позициясы бар экенин айткан. Мындан улам эл өкүлү сынга кабылып, анын мындай жообу талкуу жараткан. Ал бүгүн, 7-июлда соцтармактагы баракчасында түшүндүрмө берди.
- Жогорку Кеңеш Эдил Байсаловду кызматтан бошотуу тууралуу сунушун президентке жөнөтүү чечимин кабыл алып, аны колдоп 72 депутат добуш берген болчу. Бирок президент тарабынан жогорудагы чечим боюнча эч кандай реакция болгон эмес.
«Мен эмне үчүн Эдил Байсалов боюнча туура пикир айтууга мажбур болдум? Себеби, маселе Байсалов эмес, адилетүүлүк жөнүндө болуп жатат. Бүгүнкү күндө Байсаловду тепкилегендер көп. Албетте, бул ар бир жарандын жеке пикири. Ал кээ бир учурда эмоцияналдуугу менен ага жем таштап жатат. Көбүнчө өзү «повод» берип жатат. Карап көрсөк, коррупцияга катышканбы? Жок. Кредит алдыбы өзүнө? Жок»,- деген эл өкүлү ага кол салуулар болгонун жана мурдагы президенттер тушунда кылган өткүрлүгүн санап берди.



