Окуялар

ИИМ: Көк бөрү командасынын капитаны баңгизат жана ок атуучу курал менен кармалды — ВИДЕО

ИИМдин Баңгизаттарды  мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына  Бишкек шаарынын аймагында көп убакыттан бери ири өлчөмдө «гашиш» баңгизатын сатып келген кылмыштуу топ боюнча ыкчам маалымат келип түшкөн.

ИИМдин БМЖКККнын  кызматкерлери тарабынан бир катар ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагынан «баңгизатын сатуучу» мурда соттолгон  жаран 1981-жылы туулган Ж.Э.  аныкталган. Шектүү жаран Ж.Э. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда туулган, учурда Токтогул районунун Көк бөрү ат оюндары боюнча курама командасынын капитаны.

Бишкек шаарынын аймагында кылмыштуу топтун жана алардын белгисиз шериктеринин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу максатында Кыргыз Республикасынын аймагында “МАК-2023” ведомстволор аралык операциясынын алкагында өткөрүлүп жаткан “Кара-Курай” аталышындагы рейддин жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында   2023-жылдын 7-июль күнү саат 23:00 чамасында Бишкек шаарынын Фучик көчөсүндө Ж.Э.  башкаруусундагы “Мерседес-Бенц-814”  үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа токтотулган.  Унааны текшерүү учурунда табылган банкада  баңгизат  жасоочу аппараттар — ширенке кутучасы түрүндөгү 2 даана  «Hony-Bag Basic KIT 5» фирмасынан чыгарылган темирден  жасалган тор бар болгон.

Андан аркы тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө жаран Ж.Э.  жашаган жеринде ИИМдин БМЖКККнын издөө итин тартуу менен тинтүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында сарайдын чатырында өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү тегерек формадагы зат табылган. Экспертизанын жыйынтыгында бул зат 62,32 грамм салмактагы «гашиш» баңгизаты болуп чыкты. 

Бул факты боюнча 2023-жылдын 7-июль күнү   Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле, сарайдан баңгизат даярдоочу челек жана буюмдар табылды. Ал эми үйдүн короосундагы жашыруун жайда тиешелүү документтери жок ок атуучу курал сакталып турган. Учурда бул факты боюнча экспертиза дайындалды.

Бишкек шаарынын Биринчи май районунун тергөө судьясы тарабынан шектүү Ж.Э. карата эки айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды, — деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button