Коом

Курманкул Зулушев Эл аралык “Көк Бөрү” Ассоциациясынын төрагалыгына шайланды

Мындай чечим бүгүн, Чолпон-Ата шаарында өткөн  эл аралык «Көк бөрү» Ассоциациясын конгрессинде кабыл алынды. Конгресске 9 мамлекеттен 14 улуттук федерациянын жетекчилери жана өкүлдөрү  катышты.  

Жыйында Эл аралык “Көк Бөрү” федерациясы Эл аралык Ассоциация болуп түзүлдү. Ассиоциянын президенти болуп Курманкул Зулушев, вице-президенттери болуп Казахстан Республикасынын  “Жаппай Көк пар” федерациясынын президенти Дирманов Гани, Өзбекстан Республикасынын  “Улок купкари” федерациясынын төрагасы Адхамов Равшанбек жана Россия Федерациясынын Алтай Республикасынын “Көк Бөрү” (Синий Волк) ат оюндар федерациясынын президенти Тузачинов Эркин шайланды.

Ал эми көк бөрү оюндарынын өнүгүшүнө кошкон салымдары үчүн эл аралык “Көк Бөрү” федерациясынын мурдагы вице-президенттери Аскар Салымбеков менен Набижон Жураевге (Өзбекстан Республикасы)  Эл аралык “Көк Бөрү” Ассиоциациясынын “Ардактуу президенти” наамы ыйгарылды. 

Курманкул Зулушев өз сөзүндө

“Айкөл Манас баянында айтылгандай  Манас атабыз менен Эр Көкчө тарткан көк бөрү  оюнунун эл аралык клубтар чемпионаты бүгүн кыргыз жергесинде өтүп жатканы  баарыбыз үчүн зор сыймык. Залкар жазуучубуз Чынгыз Айтматов айткандай»ушундай эрендердин эр оюнун мурас калтырган ата-бабаларыбызга кулдугум бар” деп баса белгиледи.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button