Коом

Бишкекте “Старый толчок” базары өрттөнүп кетти

Бишкек шаарында «Старый толчок» аты менен белгилүү базар өттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, борбор калаада 14-августка караган түнү өрт тууралуу маалымат түшкөн. Тилсиз жоону өчүрүүгө алгачкы күжүрмөн эсеп саат 00.31де буга кошумча дагы 4, жалпысынан 5 күжүрмөн эсеп, штаб тартылган.

Мындан сырткары ИИМден 2 экипаж жана РЭТтен 1 бригада жеринде иштөөдө.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн күжүрмөн аракети менен тилсиз жоо саат 01:32де чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Белгилей кетсек, 14-августка караган түнү Бишкек шаарынын Свердлов районуна караштуу Садаева менен Орозова көчөлөрүнүн кесилишинде алдын ала маалымат боюнча «Сары-Таш» соода борборунун жанында жайгашкан контейнерден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүнүн жүрүшүнөн кошумча маалымат берилет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button