Коом

УКМК: Талас облусунда жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары аныкталды

КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларын жүрүшүндө Талас областынын Калбинск а/о Талас районунун кызмат-керлери тарабынан, Талас облусунун аймагында турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары аныкталды.

Такталгандай, Талас облусунун Талас районунун Калбинск а/о кызматкерлери менен «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Талас райондук бөлүмүнүн кызмат адамдары биргеликте бир бүтүмгө келип алышып, турак жайларды куруу үчүн жалпы аянты 14 гектарды түзгөн жер тилкелерин мыйзамсыз бериишкен, алдын ала эсептөө боюнча мыйзамсыз берилген жер тилкелеринин баасы 55 000 000 (элүү беш миллион) сомду түзөт.

Азыркы учурда, тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында жогорудагы мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча кошумча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, — деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button