«Өлкөдөн 23 миллион доллар чыгарып кеткен». Интерпол бир нече адамды кармады

ИИМдин Интерпол Улуттук борбордук бюросу эл аралык издөөдө жүргөн бир катар жарандарды кармады. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.Бишкек шаарынын аймагынан 1979-жылы туулган жаран кармалган. Ал түрк полициясынын денесине оор залал келтирип, мамлекетке материалдык зыян келтиргендиги үчүн Түркиянын Интерполу тарабынан издөөдө жүргөн.15-августта Казахстан Республикасынын чек арасын кесип өтүүгө аракет кылган учурда кыргызстандын жараны 1991-жылы туулган жаран кармалган. Ал курал-жарак жана физикалык күч колдонуу менен адамдардын тобу тарабынан каракчылык кол салуу жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн. Кылмышкерлер 395 миң сом акча каражатын ээлеп алышкан.Мындан тышкары, Алматы шаарынын аэропортунан Кытай Эл Республикасынын жараны 1978-жылы туулган жаран кармалып, ал Кыргызстанда мыйзамсыз ишкердик менен алектенип жүргөн. Ошондой эле ал 2008-жылы республиканын финансы полициясы тарабынан издөөгө жарыяланган. Ошол учурда мамлекетке келтирилген зыян 3 миллион сомдон ашкан.Ошондой эле, Мадагаскар аралында 1983-жылы туулгану жарандын өздүгү такталып, Кыргызстанга жеткирилген. Ал республикада жайгашкан банктарынын биринин кызматкерлери аркылуу, 4 адамдан турган кылмыштуу топ түзүшүп, өлкөдөн мыйзамсыз түрдө акча каражатын алып чыгып кетишкен. Мамлекеттин мыйзамдуу корголгон кызыкчылыктарына 23 миллион доллар өлчөмүндө зыян келтирген.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары тарабынан кармалган жарандарды экстрадициялоо маселелери боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.РЕКЛАМА

Эдита Ильясова
Окшош
Бостери айылынын «смотрящийи» алдамчылыкка шектелип кармалды
Токмоктогу өрттөнгөн үйдө Куран китеп күйгөн эмес (видео)
«1 адам жабыркады». Дача-СУда 3 миң түк беде сарай менен чогуу өрттөнүп кетти
Чүйдө 2 аял WhatsApp аркылуу улгайган жарандарды алдап, акча алып жүргөн
«Жашаганга жер жок калдык». Токмокто 6 балалуу ата-эненин үйү өрттөнүп кетти
Комментарий кошуу Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * — сөзсүз толтурулушу керекКомментарийАты *Email *Дагы комментарийлерди калтырып туруу үчүн менин атымды, email дарегимди сактап коюңуз.
Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.
Куренкеев көчөсү, 180.
Кеӊсе
+996 (312) 88-29-00
+996 (770) 88-29-00
[email protected]
Реклама бөлүмү
+996 (312) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
[email protected]
Биз социалдык тармакта Купуялык саясаты
©2023 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон. КИРҮҮ КАТТООСуперТВКАБАРЛАРЖарнамаБайланыш©2022 SuperTV. Бардык укуктар корголгон.



