Коом
Тесланын адам сымал роботу эми түстөрдү айырмалай алат

Тесланын адам сымал «Optimus» роботунун акыркы версиясы көрсөтүлдү. Тесла бир жыл мурун чыгарган «Optimus» роботу азыр объекттерди өз алдынча сорттоого жөндөмдүү экенин көрсөттү. Социалдык тармактарда жарыяланган кыска видеодо Optimus атайын белгиленген түстөрдү ажыратып аларды өз ордуна коё алат.
Робот мындай аракетти үйрөтүлгөн нейрон аркылуу жасайт. Optimus буттарынын жайгашкан жерин так аныктай алат. Колдору менен көк жана жашыл түстөгү оюнчуктарды адашпай өз ордуна койо алат.



