УКМК: Өзбекстандын Самарканд шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин атайын кызматтарынын Конференциясы болуп өттү

2023-жылдын 29-сентябрында Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин атайын кызматтарынын Конференциясынын кезектеги 25-пленардык жыйыны болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-лейтенант К.К. Ташиев катышты.

Бул иш-чарада тараптар эл аралык терроризмге жана диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча кызматташууну, ошондой эле бул коркунучтарга каршы туруу механизмдерин талкуулашты. Жолугушууда тараптар коопсуздук жаатындагы көп тараптуу кызматташуу үчүн бул платформанын актуалдуулугун белгилешип, түрк мамлекеттеринин мейкиндигинде коопсуздуктун жыргалчылыгы үчүн мындан аркы тыгыз кызматташууну макулдашышты.

Иш-чаранын алкагында түрк тилдүү мамлекеттердин атайын кызматтарынын делегациялары менен эки тараптуу жолугушуулар болуп, анда өз ара аракеттенүү жана аймактык коопсуздук маселелери талкууланды. Айрыкча Түркия Республикасынын Улуттук чалгындоо уюмунун жаңы дайындалган директору Ибрахим Калын, ошондой эле Өзбекстан менен Азербайжандын атайын кызматтарынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүлдү, – деп билдирди УКМКнын Басма сөз кызматынан.