Коом

Ысык-Көлдө мал жандыктардын катышуусу менен жол кырсыктарды алдын алуу боюнча иш-чаралар жүрүп жатат

Акыркы мезгилде Ысык-Көл облусунун аймагында мал жандыктардын катышуусу менен орун алган жол кырсыктары катталчу болду. Анын кесепетинен, адамдардын өлүмүнө жана оор жаракаттарды алып келген фактылар да жок эмес. Күз мезгили жылуу болуп, табигый тоют сакталып тургандан улам, мал ээлери өздөрүнүн жандыктарын жайыттарга көзөмөлсүз чыгарууда. Тилеке каршы, малдар талаада гана эмес, автожолдордун жүрүүчү бөлүгүнө да көзөмөлсүз чыгышат. Ушундан улам, малдын катышуусу менен болгон жол кырсыктары, өзгөчө түнкү мезгилде орун алууда.

Буга байланыштуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен түнкү мезгилде малдардын катышуусундагы жол кырсыктарын жана ар кандай укук бузууларын алдын алуу максатында биргелешкен иш мерчеми түзүлдү. Биргелешкен иш мерчемге ылайык, 19-ноябрдан баштап күн сайын кечки саат 18.00дөн таңкы 06.00гө чейин автожолдордо жана калктуу конуштарда милициянын мобилдүү топторунун 26 экипажы түнкү нөөмөт иштерин жүргүзүүдө.

Мобилдик топтордун курамына жол коопсуздугунун, балдар иштери боюнча инспекциялардын инспекторлору, милициянын участкалык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана ветеринардык кызматтын өкүлдөрү киришти.

Автожолдордун жүрүүчү бөлүгүн бойлой көзөмөлсүз мал жаюу фактылары аныкталган учурда, милициянын мобилдүү топторунун кызматкерлери тарабынан аталган малдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан атайын уюштурулган жерге айдалып киргизилет.

Андан кийин мал жандыктарынын ээлери аныкталып, алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, анда Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 124 (Калктуу конуштарда жаныбарларды багуу эрежелерин бузуу) жана 190 (Жөө жүрүүчүнүн, велосипедчендин, араба башкаруучунун, мал айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу) беренелеринде каралган жоопкерчиликтер эскертилет.

Ушундай көрүлүп жаткан чаралардын натыйжасында 19-ноябрдан 21-ноябрга чейинки аралыкта Ысык-Көл облусунун аймагында малдын катышуусу менен жол кырсыгы катталган жок. Түнкүсүн кароосуз калтырган малдардын ээлерине 12 протокол түзүлдү.

Түнкү рейддик иш-чаралар уланууда,- деп билдирди Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button