Коом

Жалдагы балдар ооруканасында МРТ кабинети иштеп жатат. Графиги, баасы

Балдар да, чоңдор да МРТдан дарыгердин жолдомосу менен барып текшериле алары кошумчаланды.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда магниттик-резонанстык томография (МРТ) кабинети иштей баштады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Шайырбек Сулайманов изилдөөнүн баасы 2 200 сомдон ашпай турганын айтып, сумманы Монополияга каршы комитет бекиткенин белгилеген.

«МРТ аппаратынын иштөөсү кыйла кымбат, керектелүүчү материалдарды сатып алыш керек. Ошондуктан текшерүүдөн толугу менен бекер өтүү мүмкүн эмес. Бирок жеке клиникаларга караганда баа арзан», — деген Сулайманов.

МРТдан өтүү үчүн талаптар:

эгер бейтап ички органдарын текшерте турган болсо тамак, суюктуктарды ичпей келиши керек;кийимде металл буюмдар болбошу керек;бейтаптын денесинде металл импланттар да болбойт.

Толук маалымат алуу жана алдын ала жазылуу үчүн (0312) 490663, 0704 490663; 0554490663 телефондоруна чалса болот.Эскерте кетсек, 2023-жылдын 11-ноябрында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда магниттик-резонанстык томография кабинети ачылып, ал атайын курулган жаңы имаратта жайгашкан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button