Коом

Камчыбек Ташиев:Кара-Суу базары мамлекеттин менчигине өтөт

УКМК башчысы бүгүн Ош облусуна барып, эл алдында сүйлөгөн. Анда базарда гектарлап жер ээлеп алган байлар бар экенин, бардыгы мыйзам чегинде тартипке салынарын белгиледи.

Базардын ордуна соода борборлору түзүлөт. Кызыл китеби барларга ошол соода борборлордун ичинен керектүү жерлерди бөлүп беребиз. Ичинде бардык шарттары болот, таза жерде иштейсиңер. Байлар, криминалдар бизди коркута албайт, азыр бардык шартты мамлекет өзү түзүп калды”, — деди Ташиев. 

Төрага соода борборлорду куруу иштери жаздын келиши менен башталып, алгачкылары күзүндө ишке берилерин айтты. Ал эми ал жакта бардык шартты, тагыраагы, унаа токтотуучу жай, парктардан бери курууга эки жылдай убакыт керек экенин кошумчалады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button