Коом

Транспорт министрлигинде 1 млрд 251 млн сомдук каржы бузуулар аныкталды — Эсептөө палатасы

2024-жылдын 27-январында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отурумунда, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде, анын ведомстволук бөлүмдөрүндө жана  Министрликтин карамагында турган мамлекеттик ишканалардын  2021-2022-жылдар аралыгына карата бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктары тууралуу отчету каралды. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билдиришти.

Жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктарынын натыйжасында төмөндөгү финансылык тартип бузуулар, аныкталды. Атап айтканда:

Аудиттин жүрүшүндө, жалпы, 1 млрд 251 млн 455,6 миң сомдук каржылык тартип бузуулар аныкталды, анын ичинен:

  • Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттерин аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер 366 млн 630,3 миң сом;
  • Мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер 57 млн 283,3 миң сом;
  • Эсептин жана отчеттуулуктун тартибин бузуу 214 млн 824,1 миң сом;
  • Мамлекеттик сатып алуулар мыйзамын бузуулар 612 млн 670,5 миң сом;
  • Ченемдик укуктук актылардын жана эл аралык келишимдердин кагылышуусу жана процессуалдык бузулушу – 47,4 миң сом.

Аудиттин жыйынтыктары боюнча :

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине — сунуштама;

— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине – сунуштама жана сунуш;

— Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар  министрлигине — отчет, жазма буйрук, сунуштама жана сунуш;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик  агенттигине — сунуштама жөнөтүлөт.

— Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан жол мунай битумунун сатып алынышы боюнча аудиттин тиешелүү материалдарын укуктук баа берүүүчүн, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жөнөтүлөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button