Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол союзунун президенти кызматына жалгыз талапкер болду

Талапкерликти көрсөтүү тууралуу табыштама 6-февралга чейин берилиши керек эле.  

Дагы төрт адам КФСинин вице-президенттигине жана 10 киши аткаруу комитетине кирүүгө ат салышууда. 

Буга чейин Садыр Жапаров УКМК төрагасын футбол союзун катуу көзөмөл кылуу үчүн башкарып берүүнү сунуштаган. Шайлоо 19-февралда өтөт.