Акылбек Жапаров Түркияга иш сапары менен барды

Өкмөт башчы Анкара шаарында өтө турган соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиянын 11-жыйынына жана кыргыз-түрк бизнес форумуна катышат.

Ошондой эле Түркиянын расмий өкүлдөрү менен жолугуп, бир катар ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышат.