Бишкек, Пекин жана Ташкент долбоорду ишке ашыруу механизми боюнча бирдиктүү пикирге келди. Бул тууралуу Садыр Жапаров China State Railway Group компаниясынын жетекчисинин орун басары Ван Тунцзюн менен жолукканда билдирди.
Тунцзюнь мамлекеттик Кытай темир жол корпорациялары долбоорду жетектөөгө даяр экенин билдирди.
Пландалган темир жол Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүн байланыштырат. Андан кийин Европа жана Перс булуңундагы өлкөлөргө жаңы транспорт каттамдарын ачат. Жапаров Кыргызстан жакынкы бир нече жылда бул автожолду курууга ниеттенип жатканын билдирди.