ДүйнөКоом

Москвадагы теракттан кийин ТИМ мигранттарды этият болууга чакырды

Москва шаарындагы «Крокус сити холл»  концерттик залындагы окуядан кийин Россиянын баардык аймактарында коопсуздук жана антитеррордук коргонуу чаралары күчөтүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Мекеме жарандарды  жүйөлүү негизи жок Россияга баруудан баш тартууга чакырат. Сапарга чыгар алдында ал өлкөгө кирүүгө чектөө бары-жоктугун текшерип алууну сунуштайт.

Россияда массалык элдер топтолгон жайларга барбай, жанында өздүгүн тактоочу материалдарды алып жүрүү зарылдыгы белгиленет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button