Коом

Кармоо учурунда сабалган ата-бала боюнча Башкы прокуратурага кайрылуу жөнөтүлөт

Кыргызстандын Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбору Кочкор-Атада кармоо учурунда милициянын атайын багыттагы кызматкерлери тарабынан ур-тепкиге кабылган ата-бала боюнча Башкы прокуратурага кайрылат. Бул тууралуу аталган борбордон билдиришти.

Учурда Улуттук борбор кайрылууну даярдап жатат. Анда 2 пункт камтылат:

  1. Кармоо учурунда милиция кызматкерлери тарабынан атайылап ден соолукка залал келтирүү;
  2. бейбаштыкка шектелген адамды кармоо үчүн ашыкча күч (атайын багыттагы кызматкерлерди) тартуу.

«Аталган окуяда ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин шектүүнү жана анын уулун кармоо учурунда ашыкча күч колдонуусун эң аз дегенде ырайымсыз мамиле катары баалоого болот», — деп белгилейт аталган борбор.

Эскерте кетсек, 27-мартта милициянын атайын багыттагы кызматкерлери «бейбаштыкка» шектүүнү кармап жатканда, күч колдонгон. Милициянын маалыматы боюнча, аталган жаран буга чейин суракка чакырууларга келбей жүргөн. Ал эми кармоо учурунда милициянын талаптарына баш ийбегендиктен, күч колдонулган.

Ошол эле учурда атасынын ур-тепки жегенин көргөн улуу ага болушуп, милиция кызматкерлерин секирип тепкен. Бирок ал кайра өзү сабалган.

Окуянын видеосу соцтармактарга тарагандан кийин бул жагдай коомчулукта резонанс жараткан.

Милициядан белгилешкендей, окуядан кийин жаш жигит кое берилген. Башында кызматкерлер ал бала шектүүнүн уулу экенин билишкен эмес.

Жергиликтүү ММКлар жазгандай, кармалган адамдын жакындары милициянын «шектүү суракка келбей жүргөн» деген маалыматын төгүндөп, ал иликтөө жүрүп жатканын да билбегенин билдирүүдө.

Атасына болушам деп милиция тарабынан ур-тепки жеген бала азыр ооруканада.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button