Коом

Бишкекте таштандыны кайра иштеткен завод курула баштады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу менен электр энергиясын өндүрүүчү экотехнологиялык заводдун курулушуна капсула салды.

Ал белгилегендей, соңку жылдары Бишкекте экология маселеси курчуп барат. Эки жылдан бери абаны булгаган нерселерди жоюу боюнча иш жүрүүдө.

«Бишкек шаарындагы санитардык полигон турмуш-тиричилик таштандыларын кайра иштетүүчү заводго муктаж болчу. Бүгүнкү күндө катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу менен электр энергиясын өндүргөн заводдун курулушун баштайбыз. Ошондой эле тазалоо системалары, турак жайлар, спорттук имараттар курулат. Бул долбоор биз үчүн маанилүү», — деди Жапаров.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, санитардык полигондун аймагына курула турган ишкана суткасына 850 тоннага жакын таштандыны жок кылат.

Заводдун аймагына таштандыларды өрттөөчү заводдор, электр энергиясын иштеп чыгуучу генераторлор, тазалоо системалары, турак жайлар, спорттук имараттар курулат.

Долбоордо калыбына келтирүү казандары жана турбогенераторлор менен жабдылган механикалык колонна мешинин технологиясы колдонулат. Түтүн газын тазалоонун көп баскычтуу системасы да пайдаланылат.

Заводду 2025-жылдын ноябрь айында бүтүрүү пландалууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button