Коом

Бишкектеги Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси ремонттолду

Бишкекте бүгүн Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин имараты капиталдык оңдоодон кийин салтанаттуу ачылды.

Мекемеде оңдоп-түзөө иштеринен тышкары, колдун заманбап протездерин жасоочу цех, кресло-коляскаларды куроочу цех, кадрларды даярдоочу окуу борбору ачылды.

Салтанаттуу иш-чарага эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова, Жогорку Кенештин депутаты Венера Раимбачаева, президенттин администрациясынын саламаттык сактоо жана социалдык коргоо бөлүмүнүн башчысы Камчыбек Досматов ошондой эле демөөрчүлөр, Кувейт өлкөсүнөн келген коноктор, мекеменин кызматкерлери катышты.

“Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси 80 жылдан бери Кыргызстанда майыптыгы бар жарандарга протездик-ортопедиялык буюмдарды үзгүлтүксүз жасап келет. Аталган медициналык мекеме 13 миңден ашуун жаранга кызмат көрсөтөт, алардын ичинен 5900гө жакыны жаш балдар.

Ошондой эле бул мекеме КМШ өлкөлөрүнүн ичинде протездик буюмдарды жасаган жалгыз мекеме болуп саналат», — деди Гүлнара Баатырова.

Белгилей кетсек, Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин имараты 1988-жылы курулуп, андан бери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес.

Оңдоо иштери мекеменин кызматкерлерине жана майыптыгы бар жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү максатында ишке ашырылды.

Курулуш иштерине Кувейт мамлекетинин «Шейх Абдулла Нурий» карымдуулук фонду демөөрчүлүк кылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button