Коом

Лейлекте социалдык тармактан алдоого шектелип, 31 жаштагы жаран кармалды

Лейлек районунун тургуну уюлдук телефон аркылуу белгисиз атуул “мал сатамын” деп LALAFO аркылуу анын ишенимине кирип, кыянаттык менен пайдалануу жолу менен алдап, 77 000 (жетимиш жети миң) сом акчасын котортуп алып, качып жүргөндүгүн билдирип, арыз менен кайрылган. 
Бул факты Лейлек РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталып, издөө иши ачылган.
    
Лейлек РИИБдин ыкчам кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында издөөдө жүргөн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 31 жаштагы Э.Б. аттуу тургуну Жалал-Абад шаарынан ыкчам маалыматтардын негизинде аныкталып кармалып, Раззаков шаарына алынып келди.
    
Учурда кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button